Словениядагы медициналык авиация жай, бирок туруктуу өнүгүп жатат. Бүгүн, AVIAV TM (Cofrance SARL) эл аралык компаниянын иштөөсүнүн жардамы менен кайсы жерде болбосун, катуу оорулууларды дарылоонун керектүү пунктуна ташуу үчүн өлкөдөн атайын учакка буйрутма берсе болот. Ошондой эле керек болсо чет өлкөлүк бейтапты,  эгерде ал тейлөөчү уюм катары тандалып алынган болсо Словениянын бир клиникасына, жеткирсе болот.  

Санитардык учактын же тик учманын салону катуу оорулууларды ташуу үчүн атайын жабдуу менен жабдылган. Бул жерде адамдын, эгерде анын диагнозу талап кылса же ал олуттуу жаракат алса кыймылсыз абалын камсыз кылууга оңой. Негизинен медициналык  аба унаасынын борту – жогорку квалификациядагы жардам көрсөтүлө турган кадимки реанимациялык палата. Мындай учууларды керектүү багыттагы дарыгер, медайым, санитар, зарыл болгондо-башка адистер коштойт. 

 

Табыштаманы биздин сайтка калтырыңыз

Словенияда медициналык учакка буйрутма берүү жеңил. Сиз компьютерден турбайсыз. Табыштаманы калтырып, алыстан тейлөө келишимин түзсөңүз  жана каттамга төлөсөңүз болот.

Учакты брондосо болот, биздин сайтта сурам калтырыңыз же бардык суроолорду бериш үчүн жана майда-чүйдөсүн макулдашуу үчүн, дароо менеджер менен байланышыңыз. Каттамдын баасын эсептөө жана учакты ижарага алыш үчүн, кийинки маалыматты көрсөтүү керек:

– учуу каттамын,

– жүргүнчүлөрдүн санын (оорулуулардын жана коштоочулардын),

– саякаттын датасын,

– бейтаптын диагнозу жана анын абалын.

 

Негизги жана кошумча кызмат көрсөтүүлөр

 AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы жана Словениянын санитардык авиациясы, бардык керектүү жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылып, саякатты “ачкычка чейин” тез уюштурууга жардам берет:

  • медициналык учактын жана тик учманын оптималдуу моделин тандап беребиз,
  • оорулуу үчүн атайын жабдылган автоунаада аэропортко чейин/аэропорттон трансферди уюштурабыз,
  • тейлөө үчүн клиника менен келишим түзгөнгө жардам беребиз,
  • бардык саякатчылар үчүн визаларды жана камсыздандырууларды жасайбыз,
  • бөтөн өлкөдө тил тоскоолдугун четтетүү үчүн котормочуну жалдайбыз,
  • туугандарыңыз үчүн отелден номер брондойбуз,
  • эң сейрек адистиктеги дарыгер, медайым жана санитардык бригада менен камсыздайбыз,
  • саякатты максималдуу коопсуз жана жайлуу кылабыз.

Белгилүү болгондой, бейтап үчүн учуунун физикалык коопсуздугу гана эмес, психологиялык көңүлдөнүүсү да маанилүү. Биздин кызматкерлер бортто эң жакшы автосфераны түзүшөт: сыйлап абайлап мамиле жасоо жана позитивдүү тейлөө оорулууга, дарылоо жана айыгуу ийгиликтүү өтүш үчүн зарыл болгон  ишеничти жана күчтү берет.

Биз жеке адамдар менен да, уюмдар менен да бир жолку буйрутмаларды аткарабыз же кандайдыр-бир клиниканын туруктуу тейлөөсүнө келишим түзөбүз. Учуунун бардык нюанстарын  AVIAV TM (Cofrance SARL) менеджери менен биринчи эле маектешүүдө талкуулап алсаңыз болот. Биз менен кызматташуу ыңгайлуу жана пайдалуу: компания Европадагы медициналык авиаташуулардын лидери болуп саналат.